a/admin/790fcae87b.jpg
27/09/2014

 Бишкек шаарында кыргыз улуттук бийлери үчүн жарыяланган сынактын тандоо туру аяктады.

Сынактын уюштуруучусу «Улут жүзү» коомдук фонддун өкүлү Алмаз Турдумаматов бүгүн, 26-сентябрда билдиргендей, аталган сынакка жалпысынан 70 эмгек жөнөтүлүп, анын ичинен 40 бий тандалып алынды.

«Жөнөтүлгөн эмгектердин арасында тойлордо тартылган, кичинекей балдардын бийлегени тартылган видеолор да бар экен. Талапка жооп бербеген эмгектер алынып салынды, ал эми жаш балдардын бийлери боюнча өзүнчө сынак өткөрүүнү чечтик. Учурда калыстар тобу иштеп жатат, финалисттер аныкталган соң, жеңүүчүнү аныктоо жалпы добуш берүүгө коюлат», - деди А.Турдумаматов.

Калыстар тобу тарабынан тандоо турунан өткөн эмгектер эртең, 27-сентябрда каралып, сынактын экинчи этабынын катышуучулары аныкталат.

Ал эми, 29-сентябрь күнү финалисттер аныкталып, 1-октябрдан баштап жеңүүчүнү аныктоо үчүн интерактивдүү добуш берүү башталат.

Сынак кыргыз бийлеринин фестивалы менен 11-октябрда аяктап, жеңүүчүлөр аныкталат. Мурдараак маалымдалгандай, сынактын байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Ошондой эле, уюштуруучулар ушул күнү бардык облустун борборлорунда бий флешмобун өткөрүү менен ар жылдын октябрь айынын башында Кыргыз бийинин күнүн белгилөөнү демилге кылууну пландап жатат.

Иш-чаранын максаты кыргыз улуттук бийлерин алып чыгуу, элдик бий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле хореография искусствосун жайылтуу болуп эсептелет. 

Эске салсак, "Кыргыз эл бий" сынагынын демилгечиси жана демөөрчүсү коомдук ишмер Рустам Маманов.

Булак: Баракелде