a/admin/0b2306ede2.jpg
1/10/2014

«Кыргыз эл бий» сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктоо максатында 1-октябрдан 7-октябрга чейин интерактивдүү (интернет, СМС) добуш берүү башталды. Катышуучулардын номерлери чүчүкулак тартуу аркылуу аныкталды. Анын жыйынтыгы төмөнкүдөй:

 

№1 Анэль – «Кара жорго, нукура кыргыз бийлери»

№2  «Жаз» бий тобу – «Биймерген»

№3 Тургунаалы Жусупмамай – «Жалын бий»

№4«Дилгир» бий тобу - «Куштун бийи»

№5  «Назик» бий тобу - «Кыргыз бийи»

№6 «Санжыра» бий тобу – «Жигиттер бийи»

№7 «We next» бий тобу – «Оп, майда»

Добуш берүүдөгү шарттар:

СМС: 8888 кыска номерине Сиз жактырган катышуучунун номерин жазып СМС жибериңиз. СМС акысы – 1 сом. Бир телефон номеринен бир гана СМС эсепке алынат. Бирок, бир номерден бир нече катышуучуга добуш берүүгө болот.

Интернет: «Кыргыз эл бий» сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн интертенттен добуш берүү http://ulut-juzu.kg/ сайтында 1-октябрдан баштап 7-октябрга чейин өткөрүлөт. Башка сайттардагы добуш берүү эсепке алынбайт. Бир ИП даректен бир гана добуш берүүгө болот.