a/admin/10bb257f6c.jpg
10/10/2014

Коомдук ишмер Рустам Мамановдун демилгеси жана демөөрчүлүгү астында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда «Улут Жүзү» коомдук фонду жалпы журтка уюштуруп жаткан «КЫРГЫЗ БИЙ КҮНҮ» майрамдык салтанатын колдоо максатында 12-октябрь күнү саат 11:00до Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында "Бий майрамы" өткөрүлөт. . Келип, көңүл ачып кетиниздер
Бул эл аралык «кыргыз эл бий»иш-чарасы бий ышкыбооздоруна арналып өтүп жаткан Кыргызстандагы алгачкы иш чара. Бий өнөрүбүздү түп тамырынан баштап, жандандырып аны заманбап, азыркы учурга шайкеш кылып иштеп чыгуу чындыгында бий сүйүүчүлөр арасында зор кызыгууну гана жаратпастан, өзгөчө бир жоопкерчиликти да талап кылууда. Эгерде кыргыз элдик бийлеринин тарыхын карай турган болсок ушул кезге чейин бул өнөрдү изилдеп, көпчүлүктүн көӊүлүн бура турган бир дагы китептин басылып чыкпагандыгын өзү эле биз маданиятыбыздын бир бутагы болгон бий өнөрүбүздү унута калтырганыбызды айгинелеп турат. Ошондой эле биз сыймыктанган белгилүү бийчилерибиз дагы «Мындайиш-чаралардын уюштурулушунун өзү чоӊ жетишкендик. Анткени далай жылдар көнө тарыхыбыздын, руханий маданиятыбыздын бир өӊүрү болгон, бий өнөрүбүздү унута калтырып келгенибиздин өзү биздин бул өнөргө болгон кайдыгерлигибизди далилдейт дешет.
12 октябрь өлкө боюнча «Кыргыз бий күнү» деп жарыяланып, 7 дубанда аталган иш чараны колдогон концерттик иш чаралар болот. 
Белгилей кетсек, Кыргыз эл бий" коомдук ишмер, меценат Рустам Мамановдун демилгеси жана демөөрчүлүгү менен, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда «Улут Жүзү» коомдук фонду уюштуруп жатат.

http://www.aymak.kg/janylyktar/2087-12-okyabrda-kyrgyz-biy-kn-mayramdyk-saltanaty-tt.html#.VDewbmd_tWY