a/admin/18bb87a420.jpg
13/10/2014

 - Жалпысынан 70тен ашуун чыгармачыл жамааттар менен жеке бийчилер катышкан «Кыргыз эл бийи» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Кечээ, 12-октябрда Бишкек шаарында сынакты жыйынтыктаган гала-концерт өттү.

Иш-чаранын башталышы менен сөз берилген Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов жана аталган сынактын демилгечиси жана демөөрчүсү Рустам Маманов бий искусствосунун өзгөчөлүгүн белгилөө менен, мындай сынак ар жылы уюштурула тургандыгын айтышты.

Эстрада ырчыларынын чыгармалары менен коштолгон концертте «Кара жорго», «Махабат бийи», «Жалын бий», «Талма бий», «Ийин бий» сыяктуу кыргыз элинин бир катар бийлери аткарылды.

Жогоруда айтылгандай, аталган сынакка жалпысынан 70тен ашуун эмгектер жөнөтүлгөн. Анын ичинен тандоо турунан өткөн 40 видеоклиптин арасынан 14 чыгарма жарым финалга жөнөтүлгөн. Жарым финалдан финалга 7 бий өткөн. Андан соң интернет жана смс аркылуу берилген добуштардын жана калыстар тарабынан берилген добуштардын эсеби менен сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.

«Кыргыз эл бийи» сынагынын жыйынтыгында жарыялангандай, калыстар тобу байгеге коюлган 1 миллион сомду, финалга чыккан жети катышуучуга бөлүп беришти. Жыйынтыгында,  «We next» бий тобу «Оп майда» бийи менен ээ болду (80 миң сом), ал эми  «Кара жорго, нукура кыргыз бийлери» чыгармасы менен жеке бийчи Анэл ээ болсо (80 миң сом),  «Дилгир» бий тобу «Куштун бийи» чыгармасы (100 миң сом),  «Санжыра» бий тобу «Жигиттер бийи» менен (150 миң сом),  «Жаз» бий тобу «Бий мерген» менен (160 миң сом), Тургунаалы Жусуп Мамайдын «Жалын бий» чыгармасы (180 миң сом), ал эми  «Назик» бий тобунун «Кыргыз бийи» (200 миң сом) ээ болду. Ошондой эле, бир катар чыгармачыл жамааттар менен жеке бийчилерге I, II жана III даражадагы дипломдор, акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Гала-концерттин соңунда 1-орунга татыган «Кыргыз бийи» Султан Садыралиевдин аткаруусунда жаңырды.

Сынак Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен «Улут жүзү» коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

Кыргыз бийи (1)

Кыргыз бийи (2)

Кыргыз бийи (3)

Кыргыз бийи (4)

Кыргыз бийи (5)

Кыргыз бийи (6)

Кыргыз бийи (7)

Кыргыз бийи (8)

Кыргыз бийи (9)

Кыргыз бийи (10)

Кыргыз бийи (11)

Кыргыз бийи (12)

Кыргыз бийи (13)

Булак : Баракелде