a/admin/618390783b.jpg
14/10/2014

 Кечээ,12-октябрда үч айдан бери өтүп келаткан 1-эл аралык Кыргыз бийи сынак-фестивалынын жыйынтыгы чыкты. Жеңүүчүлөргө 80 миңден 200 миң сомго чейинки байгелер ыйгарылды. Сынакка 2 жаштан 86 жашка чейинкилер катышып, балдардын бийи өзгөчө колдоого алынгандыгын маалымдайт уюштуруу тобу. Алар ошондой эле фестивалды жыл сайын өткөрүп, сынактын жыйынтыгы чыккандан кийин Кыргыз бий күнүн белгилеп турууну пландоодо. "Кыргызстанда Кыргыз бий күнүн белгилөө демилгебиз колдоого алынып, ар кандай иш-чаралар өттү. Жыл сайын ушул сынактын соңунда Кыргыз бий күнүн өткөрүп, бийди даңазалап, аны жайылтуу аракеттерин көрөбүз",-дейт уюштуруучулар.

Кошумча маалымат: Өткөн жылы талашка түшкөн "Кара жорго" бийин Казакстан патенттеп алгандан кийин бир нече уюмдар кыргыздын улуттук бийин аныктоо максатында сынак жарыялашкан. 

Гүлжан Эшбаева

ERKINDIK.RU