a/admin/4af527d687.jpg
14/10/2014

Ош шаарындагы Алымбек Датка этнографиялык комплексинде "Кыргыз бийи күнү" аталышында майрамдык салтанат өткөрүлдү.

Аталган иш-чара коомдук ишмер Рустам Мамановдун демилгеси жана демөөрчүлүгү астында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда «Улут Жүзү» коомдук фонду тарабынан уюштурулду.
"Бул эл аралык «кыргыз эл бий» иш-чарасы бий ышкыбоздоруна арналып өтүп жаткан Кыргызстандагы алгачкы иш-чара", - дейт иш чаранын Оштогу уюштуруучусу Назгүл Кадырназарова.
Бий сынагына Ош шаарындагы орто мектеп жана жогорку окуу жайларынан жалпы 7 бий тобу катышып, кыргыз бийин бийлешип, өз өнөрлөрүн тартуулашты.
3 жарандан турган калыстар тобу тарабынан алардын ар бир кыймыл аракети кылдаттык менен бааланып, жыйынтыгында №52 орто мектептин "Ак-Тилек" бий тобу 1-орунду ээлеп, сыналгы тапшырылды. Ал эми 2-орунду ээлеген ОГПИнин "Ак Бийке" жана 3-орунга татыктуу болгон ОшМУнун "Доор" бий топторуна да кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.
"Бий өнөрүн түп тамырынан баштап, жандандырып аны заманбап, азыркы учурга шайкеш кылып иштеп чыгуу чындыгында бий сүйүүчүлөр арасында зор кызыгууну гана жаратпастан, өзгөчө бир жоопкерчиликти да талап кылууда", - дешет уюштуруучулар. 
Кошумчалай кетсек, "Кыргыз бийи күнү" Жалал Абад шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлдү.